Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:22

Жогорку Кеңеш бир саат ичинде экинчи жолу тыныгуу алды


Жогорку Кеңеште кайрадан 15 мүнөттүк тыныгуу жарыяланды. Мындай сунуш "Республика" фракциясы тарабынан айтылды. Ага чейин эле "Ата-Журт" фракциясынын сунушу боюнча 15 мүнөттүк тыныгуу болгон. Бүгүн парламентте спикерге ишеним көрсөтпөө маселеси каралмак. Бирок депутаттар жыйынга төрагалык кылуучуну тактай албай жатышат. Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибековго ишеним көрсөтпөө демилгесин "Ата Мекен" фракциясы алып чыккан. Анын жүрүм-турумун кескин сынга алган. "Ата Мекендин" айткандары канчалык негиздүү экенин текшерген депутаттык комиссия да Келдибековду кызматынан чакыртып алуу керек деген тыянакка келгенин кабарчыбыз маалымдайт. (EBM/RK)

XS
SM
MD
LG