Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:18

Келдибеков: Тууган айтат чындыкты


Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков өзүнө кеңешчи кылып кайын атасын дайындаганын туура эмес деп эсептебейт. Анын айтымында, бул кызматы үчүн ага мамлекеттен акча төлөнбөйт.

"Колумдан келсе мен ар бир региондон, ар бир айылдан бирден советник кылганга жетишишим керек эле. себеп дегенде ошолор чындыкты айтат. Тууган айтат чындыкты", - деди Келдибеков бүгүн парламенттеги сөзүндө.

Анын билдиришинче, Жогорку Кеңеште 1200дөн ашык коомдук кеңешчи жана жардамчы катталган. Алардын арасында чет элдиктер да бар.

"Ата Мекен" фракциясынын Келдибековду күнөөлөп айткандарынын арасында ушундай пункт бар. Аларды териштирген депутаттык комиссия "Келдибеков кайын атасын кеңешчи кылып дайындаганы укуктук көз карашта мыйзамдуу, бирок моралдык-саясый жагынан алганда, ага артыкчылык берүү менен унаасына KG номерин бергени бийликтеги тууганчылык фактысы жана мурдагы режим кетирген каталардан сабак алгысы келбегени жалпысынан парламент башчысынын беделине залал келтирип жатканынан кабар берет", -деген бүтүмгө келген.

Келдибеков өз сөзүндө "Ата Мекен" фракциясы айткан айыптоолордун ар бирине токтолуп, баары негизсиз экенин билдирди. "Ушуну каралап, тытып жеш керек деген ар кимдин башында болушу мүмкүн", - деп айтты. (RK)

XS
SM
MD
LG