Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:10

“Талас Коппер Голд” аралдыктар менен тил табышты


Таласта Талды-Булак кенин чалгындап жаткан “Коппер Голд” компаниясы Арал айылындагы жашоочулар менен тил табышты. Аталган компания тараткан билдирүүгө ылайык, бүгүн жаратылыш ресурстары министринин милдетин аткаруучу Замирбек Эсенаманов аралдыктар менен жолукту. Анда жергиликтүү тургундар 9-декабрда курултай өткөрүп, ага 120 делегат катышканын, компаниянын ишине мындан ары тоскоолдук кылбай турганын айтышты, тынчтык келишимге жетишкенин маалымдашты.

Жергиликтүү тургундар Талды-Булакты казууга каршы чыгып келген эле. Ушул жылы 8-октябрда жана 11-мартта аталган компаниянын лагери эки жолу өрттөлгөн. (EBM)

XS
SM
MD
LG