Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:09

Башкы прокурор Курманкул Зулушев кызматтан кетти


Курманкул Зулушев
Курманкул Зулушев

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов башкы прокурор Курманкул Зулушев өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу мамлекет башчы Садыр Жапаровго арыз жазганын 3-июнда “Азаттыкка” билдирди.

Зулушев кызматтан эмне себептен кеткени жана ордуна ким келери азырынча белгисиз. Анын арызы эми мыйзам боюнча Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлөт.

Аскат Алагөзовдун маалымдашынча, президент Садыр Жапаров башкы прокурордун кызмат ордуна прокуратура системасынын ичинен талапкерлерди карап жатат.

Зулушев 2020-жылы Октябрь окуясынан кийин 21-октябрда башкы прокурор болуп дайындалган.

Президент Садыр Жапаров өткөн айда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу лицензиялоо комиссиясынын ишине айрым прокуратура кызматкерлери кийлигишип жатканы аныкталганы үчүн башкы прокурор Курманкул Зулушев менен жаратылыш ресурстары министри Мелис Тургунбаевге сөгүш берген.

Буга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев президенттин администрациясына кызматтык кат жолдоп, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин алдындагы лицензиялоо маселелери боюнча комиссиянын ишмердигине прокуратуранын айрым кызматкерлери кийлигишип жатканы тууралуу жазган арызы негиз болгон.

Ушундан кийин президенттин тапшырмасы менен атайын комиссия түзүлүп, кийлигишүү аракеттери тууралуу маалыматтар иликтенгени жана анын негизинде мындай фактылар ырасталганы айтылган.

Бирок Зулушевдин кызматтан кетиши буга тиешеси бар - жогу белгисиз.

Курманкул Зулушев 2022-жылы саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге козголгон кылмыш иштерине байланыштуу убактылуу кызматтан четтетилип, ишин кайра уланткан. Ал эми Алымкадыр Бейшеналиевге козголгон иштин баары токтотулган.

54 жаштагы Курманкул Зулушев 2000-жылдан бери прокуратура тармагында иштеп, 2007-2013-жылдары Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун судьясы, 2013-2015-жылдары Бишкек шаардык сотунун судьясы болуп иштеген.

2015-2020-жылдары Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болгон.

Курманкул Зулушев коомчулукка президент Садыр Жапаров баштаган үч саясатчыны актаган судья катары кеңири таанылган. 2012-жылдын 3-октябрында Бишкекте “Кумтөр” алтын кен долбоорун мамлекеттин карамагына алууну талап кылган митинг башаламандык менен коштолуп, президенттик администрациянын кашаасын ашып өтүү аракети болуп, бир нече адам кармалган.

2013-жылдын 29-мартында Бишкектин Биринчи май райондук соту саясатчылар Камчыбек Ташиевди, Садыр Жапаровду жана Талант Мамытовду бийликти күч менен алууга аракет кылуу айыбы боюнча соттогон. 2013-жылдын 17-июнунда шаардык сот үчөөнү тең актап, сот залынан бошоткон.

Курманкул Зулушевдин былтыркы маалымат жыйыны

Башкы прокурор сын-пикирлерге жооп берди
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:01 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG