Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:34

Жылдын каарманы - Демонстрант


“Тайм” журналы 2011-жылдын адамы деп “Демонстрантты” атады. Басылма Жакыңкы Чыгышта башталып, Европа менен Кошмо Штаттарын кучагына алган нааразылык акцияларынын катышуучулары элдин күчүн көргөзөт деп чечти. Жыл сайын “Тайм” дүйнөдөгү окуяларга, маданиятка оң же терс салым кошкон каарманды тандап келет. Былтыр маселен жылдын адамы деп Фейсбуктун негиздөөчүсү Марк Зукерберг таанылган. Ага чейин ар кайсы жылдары Барак Обама, Владимир Путин, ырчы Боно аталышкан. Бир жолу журналдын биринчи бетине күзгү чапталып, “жылдын каарманы ар бириңерсиңер” деп чечмеленген.

XS
SM
MD
LG