Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:27

АКШ Орусиядагы жараяндарды “улуттук ойгонуу” деп эсептейт


АКШ администрациясы Орусияда жакындагы парламенттик шайлоодон кийин башталган жараяндарды “улуттук ойгонуу” деп эсептери жөнүндө Мамлекеттик департаменттин өкүлү Томас Мелиа билдирди. Ал белгилегендей, өлкөдөгү соңку демонстрациялар - орусиялыктар өкмөтү жоопкерчиликтүү болушун көздөгөнү.

Шаршемби күнү АКШ Сенатында Орусиядагы мыйзам үстөмдүгүнүн абалына жана коррупцияга басым жасаган угуу өттү. Анын катышуучулары шайлоонун жыйынтыгына таасир берген жагдайлар тууралуу да айтышты. Демократ сенатор Жин Шахин өз сөзүндө буларды белгиледи:

-Ушул айда дүйнө СССРдин ураганынын 20 жылдыгын белгилейт. Орусиянын жетекчилиги бул датаны шайлоону манипуляциялоо жана кылдат режиссерлонгон саясий орун которуштуруулар менен белгилөөнү чечти.

Америкалык сенатор мында марттагы шайлоодон кийин Орусияда Владимир Путин менен Дмитрий Медведев президенттин жана премьер-министрдин кызматын алмашарын эске алды.

Орусиянын премьер-министри жана келерки президенттик шайлоого аттанган Владимир Путин жакында анын өлкөсүндөгү демонстрацияларга АКШнын тиешеси бардыгын айтып чыккан.

XS
SM
MD
LG