Казакстандын Башкы прокуратурасы 16-декабарда Жаңы-Өзөн шаарында болгон тополоңдо 13 киши өлгөнүн маалымдады. Прокуратуранын расмий өкүлү 86 кишинин жараат алганын кабарлады. Нурдаулет Сүйүндүкөв курман болгондордун кээ бирлери тартип бузгандардын колунан каза тапканын кошумчалады.
Жаңы-Өзөндө болсо кечээтен бери чукул кырдаал режими иштеп атат. Комменданттык саатты бузгандыгы үчүн 60тай киши кармалды. Прокуратуранын ырастоосунда, алардын арасында массалык баш аламандык, талап-тоноочулук үчүн шектелгендер бар.
Бирок шаардын өзү менен байланышуу дагы эле мүмкүн эмес. Журналисттерди ал жакка кое бербей жатышат.
Кечээ Шетпе станциясында полиция менен кагылышта 1 киши окко учканы тастыкталды.
16-декабарда Жаңы-Өзөн шаарында Казакстан эгемендүүлүгүнүн 20 жылдыгына арналган майрамдык иш-чаралар башталганда борбордук “Ынтымак” аянтында кагылышуулар чыгып кеткен. Ал жерде бир нече айдан бери иш таштаган мунайчылар өз акцияларын өткөрүп келишкен.