Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:30

Быйыл кант кызылчасы көп жыйналды


Быйыл Кыргызстанда кант кызылчасы кеминде 26 миң тоннага көбүрөөк жыйналды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Айыл чарба министрлигинин Сапатты өнүктүрүү жана тамак-аш коопсуздугу боюнча бөлүм жетекчиси Жумабек Асылбеков кабарлады. Маалыматка ылайык, быйыл Чүй облусунда 161 миң тоннадан ашык кант кызылчасы жыйналып алынды. Былтыр бул көрсөткүч 137 миң тоннаны гана түзүп турган. Ушул тапта жыйналган кызылчаларды иштеп чыгуу аяктап калды. Мынча көлөмдөгү кант кызылчасы Кыргызстандын кум шекерге болгон муктаждыгынын 20 пайызга чукулун камсыз кылмакчы. (KKs)

XS
SM
MD
LG