Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:11

Жогорку Сот Аскаров боюнча өкүмдү күчүндө калтырды


Бүгүн июнь коогасы боюнча айыпталган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун иши боюнча Жогорку Сот буга чейинки сот өкүмдөрүн күчүндө калтырган чечим чыгарды. Аскаровдун адвокаты Нурбек Токтакунов соттун чечимин сынга алып, Азаттыкка буларды билдирди:

- Бул биздин Жогорку Сотко мүнөздүү принципсиз чечим болуп калды. Ал биздин өлкөдө сот акыйкаттыгы жок экендигин дагы бир жолу көрсөттү. Сот акыйкаттыгын ишке ашырып жатабыз деген соттор чындыгында бийликтин көзүн карап, учурдагы кырдаалга ыңгайлаштырып гана чечим чыгарган майда чиновниктер. Чындыгында бизде акыйкат сот болгон жок. Мен сот процессиднеги эреже бузуулар, укук коргоочу органдардын кыйноолору тууралуу толтура далилдерди келгирдим, бирок соттор аларды көңүлгө алган жок.

Азимжан Аскаров былтыр июнь каргашасында Базар-Коргондо массалык башаламандык уюштуруп, адам өлтүрүүгө катышкан деген айып менен өмүрүнүн аягына чейинки мөөнөткө кесилген. Аскаров өзүнө коюлган айыптарды мойнуна алган эмес. Aнын сотуна Европадагы Коопсуздук жана Кызматташттык уюму, Эл аралык Адвокаттар комиссиясы өз өкүлдөрүн жиберишкен. Адвокат Токтакунов Жогорку Соттун чечиминен кийин эми Бириккен Улуттардын адам укуктар комитетине кайрыла тургандыгын кошумчалады. ZB/JCH

XS
SM
MD
LG