Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:52

Түркмөнстанда президенттикке талапкерлерди каттоо уланууда


Түркмөнстанда кыска тыныгуудан кийин президенттикке талапкерлерди көрсөтүү өнөктүгү кайрадан уланууда. 15-декабрда азыркы өлкө башчы Гурбангулы Бердымухамедовдун талапкерлиги көрсөтүлгөндн кийин өнөктүк токтоп калган.

Бердымухамедовго атаандаш катары Дашогуз облус акиминин орун басары Режеп Базаров, Деңиз жана дарыялардагы транспортту башкаруу мамлекеттик кызматынын төрага орун басары Розыгелды Розыгулев жана Халач районунун акими Муратгелды Жумагелдыев катталды. Талапкерлердин бардыгы тең башкаруучу «Түркмөнстан демократиялык партиясынын» мүчөлөрү.

Түркмөнстанда президенттик шайлоо 2012-жылдын 12-февралында өтөт. Талапкерлерди каттоо шайлоого 25 күн калганда токтойт. Бул шайлоодо президент Бердымухамедов жеңишке жетээри шексиздиги айтылууда.

XS
SM
MD
LG