Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:23

Исмаилова: Аскаров ачкачылыкка камданууда


Жогорку Сот өмүр бою абакта калтырган өзбек тектүү укук коргоочу Азимжан Аскаров өкмөт көңүл бурбаса, ачкачылык жарыялаганы турат. Бул тууралуу «Азаттыкка» абактагы Аскаров менен жолугуп чыккан укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова кабарлады:

«Азимжан Аскаровго чогуу кирип сүйлөшкөнүбүздө, ал өзүмдүн жетпей калган үнүмдү жана болгон аныктамаларды дагы бир жолу далилдеп берем, эгер өкмөт эч кандай көңүл бурбаса, 10-январдан баштап ачкачылыкка барам деп өз сөзүн айтты»,-деди Исмаилова.

20-декабрда Жогорку Сот июнь окуясы боюнча айыпталган Азимжан Аскаровдун ишин карап, буга чейинки соттук инстанциялардын өкүмүн күчүндө калтырган. (KKs)

XS
SM
MD
LG