Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:46

Түркия Ассадды Сирияны "канга бөлөөдө" деп сындады


Түркиянын Тышкы иштер министрлиги бүгүн жарыялаган билдирүүсүндө президент Башар Ассадды өз букараларына каршы чабуулду токтотпой, Сирияны “кандуу көлмөгө” айлантууда деп сындады. Сириядагы Адам укуктарына байкоо салчу уюмдун маалымдашынча, шаршемби күнү өкмөттүк күчтөр 111 жаранды атып салган. Бул окуяны Франция “теңдешсиз кыргын” деп мүнөздөдү. АКШ болсо Сирия өкмөтү “кандуу булоонду токтотуу боюнча өзүнө алган милдеттенмесин аткарбай жатканын” билдирди. Ушул жекешембиге чейин Дамаскиге Арап Лигасынын 30 байкоочусу келүүгө тийиш. Алар Ассаддын режимине каршы тогуз ай мурда башталган козголоңду токтотууга арачылык кылат.

XS
SM
MD
LG