Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:55

"Жетиген" журналы Мырзакматовду Жылдын мыкты мэри деп атады


Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош шаардык бийлигинин басма сөз катчысы Гүлжан Ажиматова билдирди. Анын айтымында, Оштун тынчтыгын сактап, стабилдүүлүктү орнотууда шаар башчысынын аракети жогору бааланып, элдик сурамжылоонун негизинде Мелис Мырзакматов Жылдын мыкты мэри деп табылган. 2011-жылдын мыктыларына сыйлык тапшыруу салтанаты 25-декабрда Кыргыз Эл баатырларынын, өкмөт мүчөлөрүнүн, депутаттардын жана маданият кызматкерлеринин катышуусунда өтөт.

Республикалык көп тармактуу "Жетиген" журналы биринчи жолу кыргыз тилинде жогорку сапаттагы сыйма кагаз менен 84 бет болуп Бишкекте жарык көрөт. (SE)

XS
SM
MD
LG