Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:59

Ливия Каддафинин учурунда жээрилген Көз карандысыздык күнүн белгилөөдө


Ливия европалыктардын колониалдык башкаруусунан эркиндикке чыккан күн - Көз карандысыздык күнү катары кырк жылдан ашуун мезгилден бери биринчи ирет майрамдалууда.

Бийликте 42 жыл олтурган мурдагы диктатор Муаммар Каддафи өлкө 1951-жылдын 24-декабрында Франция менен Италиянын оккупациясынан расмий чыккандыгын Ливиянын Көз карандысыздык күнү катары кабыл алган эмес. Мунун ордуна 1969-жылы Каддафи бийликти Идрис падышадан төңкөрүш аркылуу тартып алган күн жалпы улуттук майрам катары эсептелчү.

Каддафинин бийлиги быйыл августта кулатылып, ал өзү октябрда козголоңчул күчтөр тарабынан өлтүрүлгөн. Азыр бийликтеги Улуттук өткөөл кеңеш ошондой эле Каддафи режиминин жашыл желегин мурдагы монархиянын кара, кызыл жана жашыл түстөгү желеги менен алмаштырды.

XS
SM
MD
LG