Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 04:44

Швейцариялыктар Петровкадагы балдарга жардам көрсөттү


Чүйдүн Москва районундагы Петровка айылында жайгашкан "Родничок" балдардын психоневрологиялык санаторийине гуманитардык жардам көрсөтүлдү. "Криенс жардамдашат" швейцариялык фонду жалпы баасы 500 миң сомдук керебеттерди жана жууркан-төшөктөрдү сатып берди. Долбоорду Кыргызстанда ишке ашырган уюм - "Балдар демилгеси" фонду. Бул фондду кыргызстандык журналист, учурда Швейцарияда жашап жаткан Кайрат Биримкулов жетектейт. "Родничокто" жыл сайын аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдө, балдар үйлөрүндө тарбияланган 350-400дөй бала дарыланып кетет. (RK)

XS
SM
MD
LG