Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:36

Ким Чен Ун бийликтеги партиянын лидери болуп жарыяланды


Түндүк Кореянын мурдагы лидери маркум Ким Чен Ирдин кенже уулу өлкөдөгү жападан жалгыз Жумушчулар партиясынын борбордук комитетинин лидери жана куралдуу күчтөрдүн кол башчысы болуп жарыяланды. Ким Чен Ун кечээ Пхеньянда Түштүк Кореянын чакан делегациясы менен жолугушту. Түштүк Кореянын мурдагы президентинин жесири 89 жаштагы Ли Хо Хо Ким Чен Ирдин өлүмүнө байланыштуу көңүл айтуу үчүн кошуна өлкөгө өз демилгеси менен барган. Анын күйөөсү, президент Ким Дэ Чжун эки Кореянын мамилелерин чыңдоону жактаган саясатчы катары белгилүү болчу. Мурдагы биринчи айым менен кошо Пхеньянга Хюндай компаниясынын төрайымы келип кетти.

Ким Чен Ир 17-декабарда инфаркттан көз жумганы маалымдалган.

XS
SM
MD
LG