Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:46

ЕККУ Казакстандагы жаңы мыйзамга камтама болду


Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму Казакстандын теле жана радиоберүүлөр жөнүндөгү жаңы мыйзамына байланыштуу камтамасын билдирди. Уюмдун сөз эркиндиги боюнча өкүлү Дуня Миятович “Мыйзамда электрондук маалымат каражаттары үстүнөн көзөмөлдү күчөтүү каралгандыктан, ал жарандардын маалыматты эркин алуу жана аны эркин таркатуу укугун бузушу мүмкүн. Тилекке каршы жарандык коомдун алымча-кошумчалары эске алынган эмес” деп белгиледи.

Сенат кечээ жактырган мыйзамга ылайык, жергиликтүү жана чет элдик теле жана радиоканалдар өкмөт түзө турган мекеме тарабынан каттоого алынышы керек.

Миятович президент Нурсултан Назарбаевди мыйзамга вето коюуга жана маселени кайрадан коомдук талкууга алып чыгууга үндөдү.

XS
SM
MD
LG