Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:33

Иран ракеталарын сынады


Сыноо өлкөнүн аскер деңиз күчтөрүнүн Ормуз кысыгындагы машыгуулары учурунда ишке ашырылды. Бул тууралуу “Фарс” жаңылыктар агенттиги билдирди. Аталган агенттиктин кабарына караганда, бир жумадан бери өтүп жаткан машыгуулардын негизги этабы алыскы радиуска эсептелген ракеталарды атуу менен башталды.

Перси булуңун дүйнөлүк океан менен байланыштырган Ормуз кысыгы аркылуу эл аралык базарга чыккан мунайдын үчтөн бир бөлүгү өтөт.

Жакында Ирандын бийликтери эгер Батыш анын өзөктүк программасына байланыштуу бул ирет мунай өндүрүшкө каршы багытталган санкция киргизсе, Ормуз кысыгын жаап салуусу мүмкүн экенин билдирген. АКШ буга жол бербей турганын эскерткен.

XS
SM
MD
LG