Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:39

Каирде сот экс-президент Хосни Мубарактын ишин кароону улантты


83 жаштагы Мубарак былтыр февраль айында Каирдеги демонстранттарды өлтүрөөгө буйрук бергени аныкталса, ал өзү соттун өкүмү менен өлүмгө буйрулушу мүмкүн. Сот отурумдары арасында жүрөк талмасынан жабыр тарткан Мубарак аскердик ооруканада дарыланууда. Бүгүн аны сот залына арабага отургузуп алып киришти. Каирде былтыркы демонстрацияларга катышкан Ал-САйед Ройтерстин кабарчысына: "Бир жылдан бери Мубаракка, же анын жан-жөкөрлөрүнө карата бир да өкүм чыгарыла элек. Чыдамыбыз түгөнүп баратат. Биздин жигиттер кан төккөндөй эле, Мубарак жана анын эки уулу өлтүрүлүшү керек", - деп билдирди.

XS
SM
MD
LG