Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:10

Тажик-өзбек темир жол жүктөрү боюнча "тариф чатагы" күчөдү


Тажикстандын мамлекеттик темир жол компаниясынын башчысынын орун басары Усмон Каландаровдун айтымында, Өзбекстандын аймагынан өтчү 1 тонна жүк үчүн тажикстандыктар былтыр 74 доллардан төлөп келишсе, жаңы жылдан тарта 88 доллардан ашык төлөп калышты. Ал ар кайсыл товарларга тарифтердин орточо көлөмү 32% өскөнүн кошумчалады.

"Жылына бул тарифтерден түшкөн киреше 70 млн.долларды түзөт”, - дейт Каландаров. Ошондуктан Тажикстан да мындай чыгашанын оордун толтуруш үчүн өзүнүн аймагынан өтүп жаткан өзбек товарларына да төлөмдү жогорулатты, - дейт ал. “Биз дагы эле тарифтер боюнча сүйлөшүп, аларды төмөндөтүү боюнча мунаса таба алабыз го деп ишенебиз”, - деди Каландаров.

Тажикстан Өзбекстанды соңку бир топ жылдардан бери эле товарларды өткөрүүдө тоскоолдук кылат деп арызданып келатат. Расмий Ташкен болсо тажик жеринде Рогун ГЭСин курууга керектелчү материалдарды гана өткөрбөй жатканын моюнга алган.

XS
SM
MD
LG