Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:50

Египетте бүгүн да парламентке шайлоонун акыркы айлампасы улантылууда


Египеттиктер эки күндөн бери парламенттин төмөнкү палатасына шайлоонун акыркы айлампасына катышып жатышат. Буга чейинки эки айлампанын натыйжасында “Мусулман агаиндердин” “Эркиндик жана акыйкаттык” партиясы алдыга озунуп чыккан. Өздөрүнүн жеңишин алар мамлекеттин Баш мыйзамын өздөрү каалагандай өзгөртүш үчүн колдонбой тургандыктарын, өлкөдөгү баардык саясий топтор менен иштешкенге даяр экендиктерин билдиришкен. Төмөнкү палатаны тандоо үчүн үч этаптуу татаал схемада өтүп жаткан бул шайлоо 10-январда аякташы керек.

XS
SM
MD
LG