Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:50

Ооганстан Талибан кыймылы Катарда саясий кеңсе ачышын колдоду


Кечээ ооган президенти Хамид Карзай анын өлкөсү талиптер тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүш үчүн Катарда кеңсе ачышын колдойт деп билдирди. Билдирүүдө айтылгандай, “Талиптер менен АКШ ортосунда сүйлөшүү жүрүшүнө Ооганстан каршы эмес”.

Буга чейин АКШнын мамдепартаментинин расмий өкүлү Виктория Нуланд расмий Вашингтон талиптердин кеңсеси Катарда ачылышын колдой турганын билдирген эле. Муну Нуланд “Ооган согушунун аякташына алып келе турган шарт” катары сыпаттагандай болду.

Талибан кыймылы саясий кеңсесин ачууну пландап жатканы тууралуу шейшембиде маалым болду. Ал билдирүүсүндө талиптер Гуантанамо түрмөсүндө терроризм үчүн күнөөлөнүп камалган мүчөлөрүн бошотууну да АКШдан суранышкан эле.

XS
SM
MD
LG