Ысык-Көл облусунда адам сатуу фактысы катталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Руслан Балапанов билдирди. Милициянын билдиришинче, Ак-Суу районуна караштуу Теплоключенка айылынын тургуну Наргиза аттуу 26 жаштагы келин 27-декабрда райондук төрөт үйүнөн уул төрөгөн. 30-декабрда үйүнө кайтып келип, ошол эле айылдын тургуну 38 жаштагы Назгүл аттуу аялга ишеним кат жазып, баласын 10 миң сомго сатып жиберген. Учурда наристе Назгүлдүн колунда. Милиция кызматкерлери окуянын чоо-жайын иликтей башташканы кабарланууда. (MK/RK)