Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:52

Чукул кырдаалдар министри Баткенден кабар алууда


Чукул кырдаалдар министри Кубатбек Боронов 6-январь күнү Баткенге иш сапар менен барды. Аталган министрликтин маалымат кызматынын өкүлү Абидшарип Бекиловдун “Азаттыкка” билдиришинче, анда министр аймактагы куткаруу тобунан жана өрт коопсуздугу боюнча агенттиктин ишинен кабар алды. Жолугушууларда кырсыктарды алдын алууга көп көңүл бурулушу керектигин билдирип, сел коркунучу бар аймактарды кыдырды.

Баткенде былтыр табигый кырсыктар болуп, жазында нөшөрлөп жааган жаандан улам айрым айылдарды сел каптаган, күчү 7 баллга жеткен жер титирөө болуп, бир топ имараттар керектен чыккан. (EBM)

XS
SM
MD
LG