Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:17

Картошканын баасына көлдүк дыйкандар нааразы


Быйыл Ысык-Көл облусунда картошканын баасы арзан болуп жатканына дыйкандар нааразы. Облустук администрациянын агроөнөр жай жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнүн башчысы Жолдош Байсеитовдун "Азаттыкка" билдиришинче, жылына көлдүк дыйкандар 500-600 миң тонна картошка өндүрүшөт. Анын 250 миңдейи экспортко кетет. Бирок азыркыга карата болгону 70 миң тоннасы гана сатылды. Бир килограммдын баасы 4-5 сом болууда. Бул баа продукцияны өндүрүүгө кеткен мээнетти, чыгымдарды актабайт. Байсеитовдун айтымында, баанын төмөн болуп жатканы - чек арадагы бажы бекеттеринин толук ачылбай жатканында. Учурда картошканы Орусияга алып чыгуу мүмкүнчүлүктөрү каралып жатат. Адатта көлдүн картошкасын ортомчулар дыйкандардан сатып алып, Казакстанга алып кетишчү. Учурда бул өлкөгө өтчү бажы бекеттердин көбү жабык бойдон турат. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG