Ооганстандын түндүгүндө кеминде алтымыш талип жоокери жок кылынды. Ооган жана НАТО башындагы эл аралык күчтөр чогуу өткөрүп жаткан операция учурунда 110 чакты козголоңчу жарадар болгонун Түндүк зонасынын полиция акиминин найыбы, генерал Мухаммед Али Резайи билдирди: “60-70 чамалуу адаватчы жок кылынды. Алардын ичинде талиптер жана чет жерликтер бар. 110го жакын адам жарадар болду”. Бирок НАТО күчтөрү операция жүрүп жатканын, 7 козголоңчу өлтүрүлгөнүн тастыктады. Ошондой эле түнкү операцияда 30дай эрегишчи колго түшүрүлгөнүн билдирди.