Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:22

Ирандык физик жардыруудан жан берди


Тегеранда Натан ядролук ишканасында эмгектенген илимпоз-физик менчик унаасына коюлган магниттик бомбадан курман болду. Ирандын жарым өкмөттүк "Фарс" агенттигинин билдиришинче, профессор Мустафа Ахмади Роушан Тегеран университетинде да ядролук физикадан сабак берчү экен. "Фарс" агенттиги жардырууну “террордук чабуул” деп мүнөздөдү.

Тегерандын орун басар губернатору Сафарали Баратлий 2010-жылдын 12-январында Тегеран университетинин профессору Масуд Али Мухаммади да кол салууда набыт болгонун айтып, профессор Роушандын өлүмү үчүн Израилди күнөөлөдү.

XS
SM
MD
LG