Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:16

Мигрант кыздын сөөгү жерге берилди


13-январда Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Жерге-Тал айылында Толгонай Сатыбалдиеванын сөөгү жерге коюлду. Ал Москвада 9-январда италиялык ресторанда өрттө набыт болгон. Маркумдун жакындары үйүндөгүлөрдүн эң кенжеси болгон бул кыздын мыкты сапаттарын эскеришүүдө.

Сузак районундагы Жерге-Тал айылынын тургуну Абдыманап Сатыбалдиевдин үй-бүлөсү менен туугандары, куда-сөөгү, айылдаштары жана тааныш-билиштери бул күнү пенсиядагы бул кишинин кызы Толгонай Сатыбалдиеванын денесин жерге беришти.

24 жаштагы Толгонай Абдыманап аксакалдын сегиз баласынын эң кенжеси экен. Ал 9-январда Москвадагы италиялык ресторанда газ баллон жарылганда набыт болгон.

Маркумдун сөөгү Москвадан учак менен жума күнү таңкы саат беште Оштогу аэропортко жеткирилген. Толгонай турмушка чыккандан кийин былтыр күйөөсү менен Орусияга иштегени кеткен. Ага дейре чач тарач кесибине ээ болуп, Жалал-Абад мамлекеттик университетинде окуп жаткан.

Абдыманап карыя көз көрсөткөнү келгендерге жооп иретинде ый менен үн чыгарып, "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатты:

- Толгонай сегизинчи кызым эле, көкүрөк күчүгүм, эң кенжеси болчу. Жалал-Абад университетинин биология факультетинде окучу. Окуусун бүткөн эмес.



Москвада төрт жылдан бери иштеп жүргөн Эсен Алиев сөөктү учак менен ташууга Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кийлигишүүсү менен Толгонай иштеген ресторандын жетекчилиги каржылаганын билдирди.

Анын айтымында, жубайы ашпозчу болуп иштечү жана салаттын 22 түрүн жасай билчү. Эсен Алиев:

- Толгонай жакшы кыз болгон үчүн үйлөнгөм. Андай кыз жок. Төрт жыл бирге жүргөнбүз.



Толгонай сыяктуу Абдыманап Сатыбалдиевдин балдарынын баары айылдагы Мария Орозалиева атындагы орто мектептен билим алышкан. Ардагер мугалим Адина Каримова сыналгыдан Москвадагы капсалаңда Толгонайдын набыт болгонун угуп, аябай капа болгон:

- Абдыманап акенин балдары тартиптүү, үлгүлүү. Айрыкча Толгонай аябай жакшы кыз болчу. Математика сабагына аябай кызыкчу, мээнеткеч кыз эле.



Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалымат кызматы Москвадагы италиялык ресторанда болгон газ баллондун жардыруусунан жабыркагандардын арасынан жалалабаддык дагы бир тургун, денеси жүз пайыз күйгөн Анваржон Сатибалдиев аттуу адам ооруканада жатып, набыт болгонун 13-январда билдирди.

Былтыр чет өлкөдө иштеген жалалабаддык 25 тургун каза болгонун облустук миграция кызматы маалымдады. Маалыматка караганда, облустун 66 миңден ашуун тургуну чет мамлекеттерде иштеп жүрүшөт.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG