Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 21:21

Кумаркана кызматкерлери кризистик борборду күнөөлөштү


Өзүлөрүн Бишкектеги кумарканалардын мурдагы кызматкерлерибиз деп тааныштырган 20дай адам бүгүн "Сезим" кризистик борборунун алдында митинг өткөрүштү. Кабарчыбыздын маалымдашынча, алар аталган борбордун жетекчиси Бүбүсара Рыскулованы алардын жумушсуз калышына күнөөлөп, иш таап берүүсүн талап кылышты.

Былтыр күздө кабыл алынган мыйзам боюнча быйыл 1-январдан тарта Кыргызстанда кумарканалар жабылыш керек эле. Бирок жаңы жылдын алгачкы күндөрү Бишкектеги жана Оштогу кумарканалар жабылбай эле мурдагыдай иштеп жатканын айтып чыккандардын арасында "Сезим" борбору да бар болчу. (MiT/RK)
XS
SM
MD
LG