Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:36

Ирандык режиссер “Алтын глобусту” жеңди


“Надера менен Симиндин ажырашуу” ("A Separation") тасмасына Лос-Анжелесте мыкты чет элдик фильм катары “Алтын глобус”(Golden Globe) сыйлыгы ыйгарылды. Жеңүүчүнү Голливудда жашаган чет элдик журналисттер ассоциациясы аныктайт.

Асгар Фархадинин Иранды калтырып кете албай, арсар болуп турган үй-бүлө тууралуу тасмасы Кытай, Белгия, Испания режиссерлорунун жана Босния-Герцеговинадагы согуш тууралуу белгилүү актриса Анжелина Жоли тарткан фильмдерди жеңди.

Фархади Лос-Анжелесте журналисттер алдында сүйлөп, ирандыктар менен америкалыктарда “талашчу эч нерсеси жок” деди. “Менин көз карашымча, эки элдин бири бирине дооматы жок. Ирандын эли мен мурда айткандай, тынчтыкты жанындай сүйөт. Иранда эмес, бүт дүйнөдө эч ким согушту баштан кечирбей, согуш биз мурда болгон нерсе катары талкуулачу темага айланат деп үмүт кылам”.

“Алтын глобус” АКШ киноакадемиясынын “Оскар” сыйлыгы алдындагы күч сынашуу болуп саналат. “Надера менен Симиндин ажырашуусу” Берлин фестивалында мыкты фильм сыйлыгын уткан.

XS
SM
MD
LG