Адолф Гитлердин «Майн Кампф» же «Менин күрөшүм» деген китебинин аннотацияланган үзүндүлөрү келерки аптада дүйнөлүк согуштан кийин биринчи жолу басылып чыгат. Тексттин британиялык басуучусу Петер МакГинин сөзү боюнча, 26-январда жарык көрө турган брошюра 12-15 барактан туруп, бир бетинде үзүндүлөр, экинчи бетинде белгилүү тарыхчынын комментарийи басылат. 1924-жылы Гитлер камакта отуруп жазган «Майн Кампфка» Германияда 1945-жылдан бери тыю салынган. Көлөмдүү китебинде нацисттик жол башчы арий расасынын тазалыгы, өзүнүн жөөттөргө болгон жек көрүүсү жана коммунизмге каршы экендиги тууралуу көз караштарын баяндаган.