Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:32

Казакстанда бийлик партиясы ири жеңишке жетишти


Президент Нурсултан Назарбаевдин партиясы жекшембидеги парламенттик шайлоодо добуштардын басымдуу көпчүлүгү менен жеңип алды. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, "Нур-Отан" 83 мандат алды. Комиссияга ылайык, добуш берүүгө тизмедеги шайлоочулардын 81 пайызы катышты. Шайлоо болгон парламенттин төмөнкү палатасы Мажилисте 107 орун бар. Жети пайыздык чекти алган "Ак Жол" партиясы сегиз, Коммунисттик Элдик партия жети орунга ээ болду. Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун байкоочулары шайлоодо түп-негиз демократиялык эрежелер сакталган жок деп айтышкан.

XS
SM
MD
LG