Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:30

Акыйкатчы: №1 тергөө абагындагыларды коркутуу аракети жасалган


Акыйкатчы Турсунбек Акун 16-январда Бишкектеги №1 тергөө абагында болгон окуяны камактагыларды коркутуу боюнча жасалган аракет деп атады. Мындай оюн ал бүгүн парламентте билдирди. Анын айтымында, эртең менен атайын даярдалган милиция кызматкерлери күтүүсүздөн кирип келип, камерадагыларды сабап киришкен. "Ал жерде тартипти орнотуу үчүн операция жүргүзүш керек болчу. Бирок минтип эмес", - деди акыйкатчы. Жаза аткаруу кызматынын жетекчиси Шейшенбек Байзаковдун айтымында, 16-январ күнкү тинтүү иштери мыйзам чегинде өткөрүлдү. (RK)

XS
SM
MD
LG