Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:34

Абактардагы ачкачылык уланууда


Кыргызстандагы 12 абакта ачкачылык акциясы уланып жатканын жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, айрым абактарда тамактардан баш тартышканы менен жакындары тарабынан киргизилген тамактарды ичип жатышат.

Ошондой эле акыйкатчы Турсунбек Акундун “Азаттыкка” билдиришинче, Бишкектеги №1 тергөө абагындагылардын айрымдары кан тамырларын кесип, өздөрүнө кол салышкан.

“№1 тергөө абагынын 131-камерада кармалып тургандардын айрымдары кан тамырларын кесишти. Аларга жаза аткаруу кызматынын кызматкерлери күч колдонуп сабашты”- деп билдирди Турсунбек Акун. Акыйкатчынын мындай маалыматын Жазаларды аткаруу кызматы төгүнгө чыгарууда.

Кыргызстандагы абактагы жапырт ачкачылык 19-декабрда башталган. Ачкачылык жарыялагандар кармоо шарттарын жакшыртууну талап кылууда.

Учурда өлкөдөгү 17 түрмө жана тергөө абактарынын ичинен Нарындагы тергөө абагы, Вознесеновка айылындагы өспүрүмдөр колониясы, Степное айылындагы аялдар түрмөсү жана ошол эле жердеги аялдардын тергөө абагы жана №50 тергөө абагында гана ачкачылык жарыяланган жок. (BkA)

XS
SM
MD
LG