Бул планга ылайык, президент Башар Асад кезексиз парламенттик жана президенттик шайлоодон мурда бийликти вице-президентке өткөрүп бериши абзел. Мындай планды Араб Лигасынын тышкы иштер министрлери жекшемби күнү Каирдеги жыйында кабыл алды. “Жол картасы” эми Бириккен Улуттар Уюмуна бекиткенге берилээри маалымдалды.