Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:28

Казакстанда оппозициячыл партиянын кеңсеси тинтүүгө алынды


Катталбаган "Алга" партиясынын лидери Владимир Козлов.
Катталбаган "Алга" партиясынын лидери Владимир Козлов.
Катталбаган “Алга” партиясынын өкүлдөрүнүн “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун казак кызматына билдиришкенине караганда, коопсуздук күчтөрүнүн адамдары бүгүн партиянын кеңселерин эле эмес, анын лидерлеринин үйлөрүн да тинтүүгө алышкан. Бийлик бул иш-чара боюнча түшүндүрмө бере элек.

Маалымат агенттиктери аты аталбаган партия активистине шилтеме берип кабарлашкандай, бүгүнгү рейддер Жаңы-Өзөн шаарында 16-декабрда болгон тополоң боюнча жүрүп жаткан тергөө менен байланыштуу.

Партиянын президент Нурсултан Назарбаевди такай сындап келе жаткан лидери Владимир Козлов өткөн айда Жаңы-Өзөнгө барган коомдук комиссиянын мүчөсү болчу. Ал эми партиянын Алматы шаардык бөлүмүнүн лидери Айжангүл Амирова жакында камакка алынган жана кабарларга караганда сурак бериш үчүн Жаңы-Өзөнгө алынып кетилген.

Казакстанда мындан бир апта ашуун мурда болгон мөөнөтсүз парламенттик шайлоодо президент Нурсултан Назарбаевдин “Нур Отан” партиясы кайрадан жеңишке жетишти.

Бул ирет парламентке анын менен кошо байкоочулар бийликчил деп мүнөздөгөн эки партия да кирди. ЕККУ уюмунун байкоочулары шайлоо демократиялык стандарттарга жооп берген жок деп тапкан.

XS
SM
MD
LG