Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:44

Чүйдө электр жарыгы убактылуу өчүрүлүүдө


Жогорку чыңалуудагы станциялардын иштен чыгышын алдын алуу максатында Чүйдүн бир катар райондорунда электр энергиясы эки сааттан өчүрүлүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Түндүкэлектро” ишканасынын басма сөз катчысы Гуля Мураталиева кабарлады. Мындай көрсөтмө Улуттук электр тармактары ишканасы тарабынан берилген. Учурда Бишкек жана Чүйдө электр энергиясы дале нормадан ашык керектелип, подстанциялар ашкере иштеп жатат.

“Түндүкэлектро” ишканасы Сокулук районунда жарык жоктугунан жергиликтүү тургундар жол тосушту деген маалыматты четке какты. (KKs)

XS
SM
MD
LG