Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:43

Австралия Ирандан мунай сатып албайт


Австралия Европа Биримдигинин санкцияларына кошулуп, Ирандан мунай сатып алууну токтотот. Мындай билдирүүнү өлкөнүн тышкы иштер министри Кевин Рудд Лондонго расмий сапар менен барган жеринен жасады. Кечээ Еврошаркетке кирген өлкөлөр Ирандан мунай импорттоо тууралуу контракттарды түзбөө жөнүндө макулдашышкан. Буга чейинки келишимдер 1-июлга чейин иштеп турмакчы. Бул чара Ислам жумуриятынын атомдук программасына байланыштуу көрүлүп жатат. Батыш Иран жашыруун түрдө атомдук куралдын үстүнөн иштөөдө деп шектенет. Тегеран муну танып келатат. Ирандын тышкы иштер министрлиги кечээ Евробиримдиктин учурдагы төрагасы Даниянын элчисин чакыртып, соңку чечимге нааразылыгын билдирди. Ал эми мунай министрлиги санкциялардан майнап чыкпайт, Иран мунай сатуу үчүн башка кардарларды оңой табат деп билдирди.

XS
SM
MD
LG