Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:20

Ооганстан Түркмөнстандан жардам издөөдө


Ооган президенти Хамид Карзай Түркмөнстанга ырасмий визит менен келди. Түркмөн маалымат булактарынын кабарлашынча, президент Гурбангулы Бердимухаммедов менен болчу сүйлөшүүлөрдө Түркмөнстан-Ооганстан-Пакистан-Индияны туташтырган газ куурун куруу маселеси талкууланат. Ошондой эле эки өлкөнү бириктирген темир жолду куруу, Ооганстандын мунай кендерин Түркмөнстандын жардамы менен иштетүү жөнүндө да сөз болот.

XS
SM
MD
LG