Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:55

ВИЧ жуккан балдарды кодулоого каршы программа түзүлөт


Вице-премьер-министр Гүлнара Асымбеков 24-январда Бириккен Улуттар Уюмунун балдар корунун (ЮНИСЕФ) өкүлдөрү менен жолукту. Ырасмий маалыматка ылайык, анда тараптар ВИЧ илдетине кабылган балдарга жардам берүүнү жакшыртуу жагдайларын талкуулашты. ЮНИСЕФ өкүлдөрү мындай илдетке кабылган балдарды коомдо кодулоо күч экенин белгилешип, атайын программа иштеп чыгып, аны аткарууда кыргыз өкмөтүнө колдоо көрсөтүшөрүн айтышты.

Былтыр Кыргызстанда дарыгерлердин шалаакылыгынан ВИЧ жуккан балдардын ата-энелери Ош жана Бишкек шаарларында бир катар нааразылык акцияларды өткөрүшкөн болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG