Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:56

Пакистанда козголоңчулар аскерий текшерүү пунктуна кол салып, 6 адамды өлтүрүштү


Бийликтердин айтымында, 10дой куралчан козголоңчу Балучистан провинциясындагы Дера Бугти районунда аскерерге кол салып, аларды өлтүргөндөн кийин, куралдарын уурдап качып кетишкен. Жергиликтүү бийлик азыр муну көптөн бери автономия талап кылып, аймакта өндүрүлгөн мунай, газ жана минералдык байлыктардан кирешени бөлүшүүнү талап кылып келаткан балуч козголоң топбунан көрүп жатат. Ооганстан жана Иран менен чектеш жерде жайгашкан Балучистан провинциясы узактан бери эле түрдүү жикчи топтору менен талиптердин зордукчул чабуулдарына кабылып келет.

XS
SM
MD
LG