Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:53

Венада ашкере оңчулдарга каршы акция өттү


Жүздөгөн киши бүгүн Австриянын баш калаасында европалык ашынган оңчулдардын жыйынына каршы чыгышты. Жыйында Франциядагы президенттик шайлоодо экинчи болуп келиши күтүлгөн Мари Ле Пен да болду. Полиция көзөмөлдөп, асманда полициянын тик учагы айланып турган аянтта демонстранттар "Нацисттер, жоголгула!" деп ураан чакырып, фашисттик Германияда жок кылынган азчылыктын курмандыктарын эскерген жарнамаларды кармап турушту.

Венанын Хофбург ак сарайында ашкере оңчулдар жылда жыйын өткөрөт. Бирок быйыл ал Холокостту эскерүү күнүнө туш келип калгандыктан көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө бурду.

XS
SM
MD
LG