Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:02

Жогорку Кеңештин депутаттар тобу АКШга иш сапар менен жөнөп кетти


Парламенттер аралык кызматташуу жаатында тажрыйба алмашуу максатында Жогорку Кеңештин делегациясы Америка Кошмо Штаттарына жөнөп кетти. Иш-чара АШК Улуттук демократиялык институту тарабынан уюштурулганын Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан кабарлашты.

Депутаттар «Парламентаризмди бекемдөө» долбоорунун алкагында Кыргызстандын АКШдагы элчилигинде, АКШ Мамлекеттик департаментинде болуп, алардын иши менен таанышышат. Коомдук уюмдардын өкүлдөрү, аймактардагы депутаттар менен жолугушат.

Делегациянын курамында 10 депутат бар. (RK)

XS
SM
MD
LG