Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:22

Пакистан соту өкмөт башчынын ишин 13-февралда карайт


Пакистандын Жогорку Соту премьер-министр Юсуф Реза Гиланинин иши боюнча соттук угуу өткөрүлөөрүн билдирди. Премьер президент Асиф Али Зардариге каршы козголгон коррупция ишин ачуу буйругун аткарбагандыгы үчүн айыпталышы мүмкүн. Алгачкы угуу 13-февралга белгиленди. Премьер күнөөлүү деп табылса, 6 айга түрмөгө кесилип, жогорку кызматынан алынышы мүмкүн. Жогорку Соттун чечими менен өкмөт 1990-жылдары Зардариге каршы козголгон ишти кайра кароо өтүнүчүн Швейцарияга жибериши керек эле. Бирок Гилани баштаган кабинет президенттин кол тийбестигин жүйө келтирип, ал токтомду аткаруудан баш тарткан. Зардари жана анын маркум жубайы Беназир Бхуттонун кылмыш иши Пакистан өкмөтүнүн өтүнүчү боюнча жабылган.

Сот бийлиги менен аскерий эмес өкмөттүн ортосундагы талаш Пакистан башынан өткөрүп жаткан саясий кризистин бир гана бөлүгү. Армиянын катуу сынына кабылган өкмөт генералдар мамлекеттик төңкөрүш жасоону көздөшүүдө деп айыптоодо.

XS
SM
MD
LG