Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:02

Европада расизмдин жана ксенофобиянын көрүнүштөрү өсүүдө


Мындай эскертүүнү Венада, ЕККУнун туруктуу кеңешинин жыйынында Европа кеңешинин адам укуктары боюнча комиссары Томас Хаммарберг жасады.

Ал белгилегендей, Европада расизм менен ксенофобиянын көрүнүштөрүнүн өсүүсү учурдагы экономикалык кризиске, бюджетти үнөмдөө чаралары социалдык укуктарды жокко чыгарып, калктын аялуу катмарларын көбүрөөк тобокелчиликтерге түртүп жаткан учурга туш келүүдө.

Европа Кеңешинин адам укуктары боюнча комиссары ошондой эле континентте адам укуктары жана фундаменталдык укуктар бузулган учурлар сакталып жатканын, терроризмге каршы күрөштөгү укук бузууларга көбүрөөк көңүл буруу керектигин кошумчалады. (UE)

XS
SM
MD
LG