Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:57

Казакстанда оппозициячыл гезиттин редакциясында тинтүү болду


“Голос Республики” басылмасынын билдиргенине караганда, кечээ коопсуздук күчтөрү редакциянын компьютерлерин жана башка жабдууларын конфискациялашты.

Ага катар гезиттин башкы редакторунун орун басары Оксана Макушина Улуттук коопсуздук комитетине эки ирет сурак берүүгө чакыртылды.

Басылманынын маалыматы боюнча баш редактордун орун басары Алматыдагы “Взгляд” гезитинин баш редактору Игорь Винявскини абактан дароо бошотууга чакырган маалымат жыйынга катышканы үчүн суралууда.

Оппозициячыл маанайдагы “Взгляд” гезитинин башкы редактору Игорь Винявски анын үстүнөн козголгон кылмыш ишине байланыштуу эки айга камалган. Ал Жаңы-Өзөн шаарында декабрда болгон тополоңго тиешеси бар, социалдык кастыкты козуткан, конституциялык түзүлүштү күч менен алмаштырууга чакырган деп айыпталууда. (UE)

XS
SM
MD
LG