Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Сентябрь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:24

15 миң кишини өлтүргөн түрмө башчысы өмүр бою эркинен ажыратылды


Камбожанын соту кызыл кхмерлер тушунда түрмө башчысы болуп турган Канг Кек Иеунун өкүмүн өзгөртүп, өмүр аягына чейин эркинен ажыратты. Жолдош Дуч деген ат менен белгилүү Кангга 1970-жылдары абактагы 15 миңдей кишинин жок кылынышын жетектеген деген айып тагылган. 2010-жылы ал адамзатка каршы кылмыш үчүн 35 жылга кесилип, жакында апелляциялык арызы четке кагылды.

69 жаштагы Канг Пномнедеги “Туол Сленг” түрмөсүндө миңдеген адамдарды, анын ичинде аялдар менен балдарды кыйноо, өлтүрүү иштерин жетектегенин моюнга алган.

Абактагы 17 миң кишинин жетөө гана тирүү калган.

XS
SM
MD
LG