Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:02

Кыргызстан Мун сектасынын өлкөдөгү ишмердигине тыюу салууну көздөөдө


Башкы прокурордун биринчи орун басары Рыскул Бактыбаевдин Жогорку Кеңештин Коргонуу жана коопсуздук комитетинин бүгүнкү олтурумунда билдиргенине караганда, башкы прокуратура Мун сектасынын Кыргызстандагы ишмердигине тыюу салуу маселеси боюнча сотко кайрылды.

Ал эми Улуттук Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрага орун басары Рустам Мамасадыков ушул эле жыйында “Түштүк Кореяда негизделген Мун сектасы мектептерди куруп, калктын аялуу катмарларына жардам бергени менен акыр-аягында коомду, үй-бүлөнү бузат, коомдун идеологиялык коопсуздугуна зыян келтирүүдө”,- деп айтты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрага орун басары кошумчалагандай, Мун сектасына Францияда, Германияда, Өзбекстанда, Тажикстанда жана башка өлкөлөрдө тыюу салынган.

Юстиция министринин орун басары Нурболот Кутмановдун билдиргенине караганда, Мун сектасы Кыргызстанда диний эмес, коомдук уюм катары 1992-жылы катталган.

Аталган сектаны жабуу демилгелери буга чейин айрым коомдук уюмдар тарабынан да көтөрүлгөн болчу. Мун сектасынын Кыргызстандагы өкүлдөрү соңку кабар боюнча азырынча комментарий берише элек. (UE)

XS
SM
MD
LG