Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:23

Банкроттуктун жарындагы Грецияда иш таштоо өтүүдө


Жумушчулар өлкөнү банкроттуктан сактап калыш үчүн киргизилген сарамжалдоо чараларына нааразы болушууда. Бүгүн мектептерде, министрлик, оорукана, банктарда иш кескин чектелип, баш калаа Афиныда шаардык унаа жай иштеп жатат.

Анын аралыгында, Грециянын саясий жетекчилери үчүнчү күн катары менен Европа Биримдиги бөлө турган жаңы 130 миллиард евролук чукул жардам боюнча сүйлөшүүсүн улантууда.

Жаңы карыз үчүн Евробиримдик, Эл аралык Валюта кору жана Европалык борбордук банк социалдык чыгымдарды дагы кыскартып, жумуш базарын реформалоону жана банктарды куткарууну талап кылууда.

Эгер жаңы карыз ала албаса, Греция 20-марттан тартып, өзүнө алган финансылык милдеттерин аткара албай калмакчы.

XS
SM
MD
LG