Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:13

Нарында 134 айылды 50 милиционер тейлейт


Нарын облусунда 134 айылда 50 участкалык милиционер бар. Бул тууралуу учурда иш сапар менен Нарында жүргөн акыйкатчы Турсунбек Акун кабарлайт. Ал облустун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери менен жолукту. Милиционерлер транспорт, турак-жай маселеси чечилбей жатканын айтышты. Участкалык милиционерлердин жетишсиздиги да орчундуу көйгөй экени айтылды. Кылмышка шектүү делген чоңдор да, жашы жете электер да бир кармалаары, бул маселени чечип, өспүрүмдөр үчүн өзүнчө жай ачыш керектигин айтышты. (RK)

XS
SM
MD
LG